Камила Алмаз аттуу 6 жаштагы кыз Москва шаарында жашайт жана спорттун "фигурное катание" түрү менен алектенет. Бул кичинекей кыз орус жергесинде төрөлгөн жана мекенин кеңири таанып-билүүгө үлгүрө элек. Бирок Кыргызстандагы кырдаал, илдеттин толкуну алыста жашаган наристени да кайдыгер калтырбады. Ал белекке келген бут кийимин сатып, акчасын мекениндеги илдет менен алышкан адамдардын өмүрүн сактап калууга которгусу келет. Инстаграмда жарыяланган бул видео көргөндү кайдыгер калтырбады. Кичинекей кыздын ыйлаганы, мекенине болгон сүйүүсү ата журтун ардактаган муундун өсүп келатканынан кабар берет.