Өлкө аймагында коронавирус илдетинин жайылып жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасына ылайык, илдеттин жайылуусун азайтуу жана ага бөгөт коюу максатында КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан шаардагы ири делген Бостон, Келечек, Тешик-Таш, Борбордук базарлары жана унаа тетиктерин саткан Кудайберген базары ошондой эле коронавирус илдети аныкталган жарандардын жашаган үйлөрү, көчөлөрү, убактылуу жата турган  обсервациялар, күндүзү кабыл алуучу стационарлар залалсыздандырылды. 

❗Бул иш-аракеттер өлкөнүн бардык аймактарында улантылууда.