Саясий жана юридикалык илимдердин доктору Канатбек Азиз айрым саясий партиялардын шайлоо күнүн кийинкиге жылдыруу боюнча сунуштары тууралуу пикирин билдирди. Айтымында шайлоону токтото туруу керек деген партиялар алгачкылардан болуп шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз беришкен. 

 Ал эми шайлоо кампаниясын токтоттук дегендердин билдирүүсү сөз түрүндө гана болот, шайлоо мыйзамында "токтотуу" деген түшүнүк жок. 

"Анда эки гана абал бар: шайлоого катышуу жана катышуудан баш тартуу - булар арыз берүү аркылуу ишке ашат. Калганынын баары популизм. Белгилүү болгондой каттоого алынууга 44 партия арыз жазган. Бирок БШКга ЖК шайлоосуна мындан ары катышуудан баш тарткан бир да арыз келбеди. Кыязы, шайлоо артка жылдыылсын деген партиялардын түпкү максаты башка", - деди Канатбек Азиз.