Өлкөдө тез жардам унаасы тартыш болгондуктан Саламаттык сактоо министрлиги жаңы “Ford” жана “Газель” үлгүсүндөгү 13 тез жардам унаасын 764 900 АКШ долларына сатып алганын билдиришкен.

Айтылган сумманы 13 унаага бөлгөндө ар бир унааны 58 838 АКШ долларына алышкан. Эми дал ушундай эле үлгүдөгү тез жардам унаалардын базар баасын карап көрсөк 35000 АКШ доллары турат экен. Мындан улам ортодо 23 838 доллар министрлик менен биргеликте унааларды алып келген фирма сүйлөшүп алып жең ичинен акча жасашканы билинип турат. Болбосо, мындай чоң суммадагы акча сол чөнтөккө солонуп жатканын келесоо адам деле билмек. Сол чөнтөккө солонуп кеткен акчанын жарымына эң арзан жана биринчи кезекте вирустун тарап кетпешине жардамы керек болгон беткап сатып койгондо, бүгүнкү абал мынча кыйын болбойт беле… Карапайым эл бир сомго муктаж болуп отурган чакта бийликтегилер билинбестен ортодо акча жасап жатышат. Жок дегенде унааларды өз баасында сатып алып, калган акчаны муктаждарга беришпейби же болбосо тартыш болуп жаткан ИВЛ аппаратын алып келишпейби. “Дүйнөнү суу каптаса, өрдөктүн иши жок” дегендей кара мүртөз, өз жанын ойлогон айрым бийликтегилер, үйрөнгөн адатыңар качан калат…

Булак: fakt.kg