Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда онлайн брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат берди.
Каза болгон бейтаптар:
Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 78 жаштагы эркек адам;
Баткен облустук ооруканасында 71 жаштагы аял киши;
Нарын облустук ооруканасында 72 жаштагы аял киши;
Жайыл аймактык ооруканасынан 2 бейтап – 42 жаштагы аял киши менен 63 жаштагы эркек адам;
Кара-Буура аймактык ооруканасында 79 жаштагы эркек адам;
Панфилов Жалпы дарыгерлик практика борборунда 53 жаштагы эркек адам.
Ушуну менен республика боюнча коронавирус илдетинен жалпы 167 адам каза тапты.