Калп чындыкка караганда тезирээк чуркайт деген Өмүрбек Бабанов ушундай учурда кара пиар менен алектенбей, андан көрө муктаждарга жардам берүүнү сунуштады. 

Эске салсак, Бишкектен таңкыс болуп жаткан дары-дармектерди басып койгон 25 кампа табылганы айтылган. Бул кампалардын ээси Өмүрбек Бабанов экенин айрым адамдар тарабынан жарыяланган. 

Бабанов мындай маалыматты четке какты. 

"Айрым маалымат каражаттары дары-дармек кампалары меники деп жазып жатышат. Эмнеге мындай кыласыңар? Эмнеге жалганды жайылтасыңар? Дарыгерлерибиз ар бирибиздин өмүрүбүз үчүн күрөшүп жатканда жалганды ашыкча пайдалануу керекпи? Азыр чындыкты гана айтуу керек!

Жарыялайм: дары-дармек кампалары мага тийиштүү эмес, мага да, менин туугандарыма да! Мен эмнеге финполиция жана өкмөт эмнеге бул кампалардын ээлерин ачык айтпай жатышканына таң калуудамын. Адатта алар кимдики экенин тез эле аныктап коюшат эмеспи, а азыр эмнеге унчугушпайт? Кимге тийиштүү экенин эртерээк расмий жарыялашсын", - деди Өмүрбек Бабанов.