Бишкек ШИИБдин маалыматына караганда, жол кырсыгын жараткан деп шектелген жаран ооруканадан Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына которулду. 

Белгилей кетсек, Асель Кадырбекова 26-июнда саат 15:45 чамаларында жол кырсыгына кабылган. Анда 25 жаштагы О.М. аттуу жаран "Хонда Одиссей" унаасын Тыныстанов көчөсү менен айдап бара жатып, Медеров көчөсүнүн кесилишинен "Тойота Камри" үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен "Тойота Камри" унаасынын айдоочусу Кадырбекова  Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.

"Хонда Одиссей" унаасынын айдоочусу 1995-жылы туулган О.М. дагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Ушул эле унаанын жүргүнчүсү, 1994-жылы туулган К.О. Улуттук госпиталга жеткирилген.

Ал эми жол кырсыгын жараткан деп шектелген 25 жаштагы О.М. Кылмыш-жазык кодексинин 98-беренеси боюнча кармалып, ооруканада аны милиция кызматкерлери кайтарып жатышат. Свердлов райондук соту тарабынан шектүүнү 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыккан.

Булак: media-center.kg