Жардам берип жаткан колунда бар жарандарыбызга чоң рахмат! Аллах ыраазы болсун! 

Кантип байыгандарын азырынча айтпай эле турайын. 

Эң бай адамдын деле  берген жардамы чектелүү болуп,  жалпы муктаждарга жетпейт тура. Ташымай суу менен тегирмен айланбайт экен. Тегирменди агып жаткан суунун жээгине салса, аккан суунун күчү менен тегирмен айлана берет экен. Система дагы ушундай эле.   Мына, ушундай учурда   МАМЛЕКЕТТИК МАШИНА эмне үчүн туура жана татыктуу колдо болушу керек экени дагы бир ирет тастыкталып жатат. 

Жылына, болжол менен канча адам кандай оорулар менен ооруйт, кандай дарылар керектелет, ага алдын ала даярдык көрсө болот. 

Адаттан сырткары болгон учурда кандай кыймыл-аракеттер керек,  аскер тармагындагы дарыгерлер даяр турушу керек. Форс-мажордук абалдарга   дары-дармектерди даярдап, резервде кармап туруу керек экени  ушул убакытка чейин деле  аныкталып, үйрөтүлгөн болчу. 

Экономикалык жактан  1980-90 жылдардагы өндүрүмдүүлүккө жете элекпиз. 

ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ (Гражданская оборона) деп атайын даярдыктар иш жүзүндө өтүлүп турчу.  

Башыбыздан өткөн, социализмге толук жетпей калган системанын жалаң оң жактарын алып, тетири жактарын ыргытып салып, заманбап реалдуулуктарды эске алуу менен  ошол системаны  КАЙРА ЖАНДАНДЫРУУГА БАРБАСАК БОЛБОЙ КАЛДЫ.

"Байым, байым" деп  уурулардын эшигин сагалап, элди сактап калуу кыйын экен! 

ЗЫҢКЫЙГАН, МЫЙЗАМДЫН ҮСТӨМДҮГҮ МЕНЕН КАМСЫЗДАЛГАН  АКЫСЫЗ  МЕДИЦИНА  ТАРМАГЫНА  КАЙТЫП КЕЛЕБИЗ, БУЮРСА.

КАРАЖАТ БАР. 

Оорулуулардын жана алардын жакындарынын көңүлдөрү ток болушу керек! Албетте, эч ким оорубасын! 
"Акчаны кайдан табам", "Мени кабыл алабы?", "Ишеничтүү эле дарыгерби же коридордо бүтүргөнбү?", "Кайсы таанышты ортого салсам?"  деген суроолор менен такыр ишибиз жок болушу керек!  Бир гана позитивдүү маанай менен оору менен күрөшкөнгө физикалык жана руханий жактан даяр болушубуз зарыл. 

Дарыгердин  баштан аяк бир сыйра карап чыкканы менен ишибиз болбошу керек! 
Дарыгер дагы  оорулуунун чөнтөгүнө жараша мамиле кылбашы керек! 

Билем, бул жазгандарым популизмдей же жомоктой кабыл алынышы мүмкүн...Бирок, бул симтема биздин жашообузда БОЛГОН ЭЛЕ ДА! ИШ ЖҮЗҮНДӨ КӨРГӨНБҮЗ! ОШОНДУКТАН, ЖОМОК ЭМЕС, ПОПУЛИЗМ ДАГЫ ЭМЕС!

 

Гүлжигит Исаков, жарандык активист