«Азаттык» радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов билдиргендей, шаардык сотто отурумдар 11-июлда эле токтогон. Мекеме абал турукташканча жабык болот.

«Оору жуккан эки судьянын бири өтүп кеткен. Эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлган экинчи судья да бүгүн эртең менен каза болуп калды деген кабар келди. Дагы бир судьяга бир тараптуу пневмония деген диагноз коюлган. Ал азыр дарылануусун улантууда. Мындан тышкары, аппараттын жети кызматкеринен оору аныкталган болчу», — деди Осмонкулов.

Ош шаардык соту санитардык-эпидемиологиялык кызматтын корутундусунун негизинде жабылгандыгы белгиленген.

Март айынан бери Кыргызстанда пневмониядан 571, коронавирустан 160 бейтап каза болду

Булак: Элгезит