Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) дары-дармектерди, медициналык каражаттарды дүңүнөн сатып алып, кайра кымбат баада сатып жаткандар кармалганын маалымдады. Аларда дары сатууга уруксат берген документтери болгон эмес.
Маалыматка ылайык, Финансы полициясы ыкчам иш-аракеттердин алкагында шаардын бир нече жеринде клексан дарысын 8 миң сомдон 14 миң сомго чейин сатып жаткан фактыларды аныктаган. Алып-сатарлардын иш аракети боюнча сотко чейинки тергөө башталды.
Финполиция дары-дармектерди дүңүнөн сатып алып, кайра кымбат баада сатып жаткандарга чара көрүп жатканын эскертти.
Коронавирус күчөп турган кезде Кыргызстанда дары-дармектин баасы көтөрүлүп, айрымдары табылбай жатат. Көпчүлүк адамдар канды суюлтуучу антикоагулянттарга, антибиотиктерге жана вируска каршы дарыларга муктаж болууда. Мындан улам шаардагы дарыканаларда узун кезек пайда болду. 
Ушундай элибиздин башына апаат түшкөндө алдым-жуттукмдук менен алектенип, акча жасагандарды Кудай да кечирбес. Андыктан буларга каттуу жазалоо чараларын колдонуу керек.

Булак: "Майдан.kg" газетасы