Мындай пикирин ЖК депутаты, «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев билдирди. Мындай пикирин  депутат маалымат каражаттарына билдирип, «жарандардан изоляцияда болууну талап кылып, шайлоо менен алектенүү моралдык жактан туура эместигин» айтты.
«БШК жазда жергиликтүү кеңештердин жана шаарлардын кеңештерин шайлоону жылдырган эмес беле?! Анда коронавирус менен ооругандар күнүнө 40-50дөй болуп жаткан. Өлүмгө кабылгандар бир-эки кишидей эле болчу. Бүгүн андан эмне айырма бар? Азыр кырдаал андан эселеп оор болуп жатат. Шайлоону жылдырыш керек. Борбордук шайлоо комиссиясы бул жолу да кырдаалды эске алып, өздөрүнүн сунушун киргизсе, парламент кезексиз жыйынга чогулуп, чечим кабыл алып беришибиз керек»,- деди эл өкүлү.
Жээнчороев ал жетектеген партия үгүт өнөктүгүн жүргүзүүнү убактылуу токтотконун, коронавирус менен күрөшүүдө элге жардам берүү менен алектенип жатканын кошумчалады.
Буга чейин депутаттар Жанарбек Акаев менен Рыскелди Момбеков да шайлоону токтото турууну же жылдырууну сунушташкан. Акаев «коменданттык саат киргизбестен өзгөчө абал жарыялоону» талап кылып, парламент төрагасы Дастанбек Жумабековду өлкөдөгү абалды талкуулаш үчүн Жогорку Кеңешти чукул жыйынга чогултууга чакырган.
Бирок БШК шайлоону эпидемияга карабастан өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирип жатат.
13-июлда  мындай талап менен Ак үйдүн алдына 15-20 активист чыгып, аларды милиция кармап кеткен. Айтор күзүндө болуучу шайлоо да кийинкиге жылып калышы мүмкүн.

Булак: "Майдан.kg" газетасы