Раушан Рыкунова деген аферисттик кылмыштуу иш-аракеттери менен белгилүү айым бар. Соттолуп, отуруп да чыккан кезинде. Ошол айым кѳптѳн бери дайынсыз кеткен болчу. Пандемиялык абалдан пайдаланып ѳзүмдү билдирип калайын дегенби, же башка себеби барбы, ким билсин, президенттин дарегине катуу сѳздѳрдү айтып, импичмент жарыялап, кызматтан кетүүсүн талап кылган билдирүүсүн таратты. «Биз сизге импичмент жарыялайбыз» дептир. Биз деп кѳпчүлүктүн, элдин атынан сүйлѳѳ укугун кайдан алгандыгы белгисиз...

Мейли, жазсын, жарандык позициясын билдирсин. Бизде сѳз, ой эркиндиги бар эмеспи. Бирок кээ бирлер бир нерсе жазардан мурда ѳзүнүн ѳткѳнүн бир карап, күзгүгѳ бир үңүлүп, «менин акыл үйрѳткѳнгѳ моралдык укугум барбы?» деген суроону ѳздѳрүнѳ берип коюшса, ашыкча болбойт эле…

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист