Видеодон массалык түрдө акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатканын, бир нече жаңы жерлер казылганын көрүүгө болот. Авторлордун билдирүүсү боюнча, видео Алматы облусунда тартылган. Бул тууралуу «zakon.kz.» басылмасы жазды.

Алматы шаарынын акимиатынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Алматыдагы ритуалдык кызматтын атайын бирикмеси маалымат чындыкка дал келберин жана бул көрүстөн Алматы шаарында эмес экенин билдирген.

Ал эми Алматы боюнча ритуалдык кызматтар бюросунун кызматкерлери акыркы убактарда сөөк койгондор көбөйгөнүн маалымдашты. Буга чейин күнүнө 30дан ашпаса, учурда 80ге чейин көмүү иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: Баракелде