Шайлоо алдындагы кампания маалында кээ бир саясатчылардын COVID-19 менен күрөшүү үчүн элге көрсөткөн жардамы добуш сатып алууга теңелип калышы мүмкүн. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев бөлүштү.

- Алардын арасында муктаждарга акысыз дары-дармек, азык-түлүк тараткандар бар, - деп түшүндүрдү ал. - Мыйзам боюнча мунун бардыгы добуш сатып алуу болуп саналат. Эгерде, парламенттик шайлоо маалында бул адамдар талапкерлердин тизмесине түшсө, аларга карата чара колдонулушу мүмкүн. Ал эми, эгерде партиялардын жетекчилеринен шайлоо алдында кайрымдуулук иштери менен алектенгендер болсо, ал партияларга каттоого алынбай калат.

Көптөгөн партиялар көнүмүш ыкмалары - концерттер менен спорттук иш-чараларга азыр тыюу салынган, эпидемиологиялык абал курч. Бирок, мыйзам болгондон кийин аны аткаруу зарыл, - деп баса белгиледи ал.

- Элге жардам берип жатат деген шылтоо менен айрымдарга жашыл жол берип коюуга болбойт, - деп баса белгиледи ал. - Андыктан, бул шайлоо маалында талапкерлердин тизмесинен тартып, көптөгөн суроолор ортого чыгат.

Жогорку Кеңештин экс-спикери Жогорку Кенеша Зайнидин Курмановдун пикиринде партиялар электоратты өздөрүнө тартуу үчүн болгон мүмкүндүктү колдонууга тийиш. Андыктан, коронавирус пандемиясы учурунда жардамга муктаждарга жардам көрсөтүү - мыйзам ченемдүү көрүнүш, деди ал Vesti.kg сайтына.

- Шайлоо алдындагы кампания жарыяландыбы - партиялар дароо аракет көрүп, шайлоочулардын көңүлдөрүн өздөрүнө бура баштайт. Анын ичинде коронавируска каршы күрөшүү боюнча да. Мында жаман эч нерсе жок. Эмне кылыш керек анан? Эч кимге жардам бербей отура берген туура болобу?

Курманов Кыргызстанда базар экономикасында жашарын, демек талапкерлерге шайлоочуларды өздөрүнө буруунун каалаган мыйзамдуу ыкмасын колдонсо болорун белгиледи.

- Мен мындан терс эч нерсө көргөн жокмун, адамдарга айыгууга, андан башка жардам беришсин да, - деди ал.

Булак: vesti.kg