Кечээ түнү Бишкектеги жаңы ачылган түнкү стационарларга 231 бейтап кайрылган. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун айтымында 231 бейтаптын 87си өтө оор абалда келген, калгандары илдеттин орто жана жеңил формасына кабылышкан. 

"Түнкү стационарлар өз убагында ачылды. Бул түнү биз 100гө жакын кыргызстандыктардын өмүрүн сактап калдык деп айтсак болот. Алардын баары түндө жардам сурап келишип, аны ала алышты. Биз жок дегенде бир адамдын өмүрүн сактап калсак эмгегибиздин текке кетпегени", - деди мэр. 

 Айтымында түнкү стационарлар 21.00дн 9.00гө чейин иштейт. Дарыгерлер, медайымдар, санитаркалар жана ыктыярчылар суй жыгылганга чейин иштеп жатышат. Алар ал турмак тамактанганга, уктаганга үлгүрүшпөйт. 

"Ошондуктан бейтаптардан медкызматкерлерге түшүнүү менен мамиле кылууну суранам. Алар бейтаптарды кабыл алуудан баш тартышты деген да сөздөр болуп жатат. Кабыл алгысы келбей эмес, чарчагандан кирпигинен тартсаң жыгылышат. Бул жерде адамдык фактор гана бар, андан башка нерсе эмес", - деп белгиледи мэр.