Азыркы учурда эл арасында өкмөт чет өлкөлөрдөн коронавируска каршы күрөшүү үчүн алган акчаны кайда, кандай максатка жумшагандыгы тууралуу көптөгөн суроолор жаралууда. Ушул жумада Өкмөттүн Аппаратынын коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн өнөктөштөрдөн келген финансылык каражаттардын пайдаланышы боюнча маалымат берди. 

Анда айтылгандай, бюджетти колдоо жана COVID-19дун жайылышын алдын алуу, анын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн республикалык бюджеттин 170,8 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатына төмөнкүлөр каржыланды, анын ичинде: 

• 89,1 млн АКШ доллары медицина кызматкерлерине, билим берүү системасынын, укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлеринин эмгек акысына жумшалды;

• 6,2 млн АКШ доллары медицина кызматкерлерин, билим берүү системасынын, укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлерин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрүнө багытталды;    

• 26,3 млн АКШ доллары пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө жумшалды; 

• 22,3 млн АКШ доллары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу медициналык мекемелерди камсыздандырууга багытталды;

• 2,0 млн АКШ доллары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоого жумшалды; 

• 14,5 млн АКШ доллары калктын аз камсыз болгон катмарынын жөлөкпулуна кетти;  

• 1,3 млн АКШ доллары медициналык товарларды жана тейлөө кызматтарын сатып алууга багытталган;

• 3,0 млн АКШ доллары Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан запасты толтуруу максатында дан эгин сатып алууга жумшалган;

• 1,3 млн АКШ доллары  COVID-19га каршы күрөшүү максатында киргизилген чектөөлөрдөн улам оор жашоо шартында калган калк үчүн азык-түлүк сатып алууга багытталган.

Каражаттардын калган суммасы 148,4 млн АКШ долларын экономиканы калыбына келтирүүгө жана пандемиянын кесепеттерин жоюуга жумшоо пландалууда. 

Мындан тышкары COVID-19 вирусунун жайылышына жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өнүктүрүү боюнча эл аралык донорлордон жана чет өлкөлөрдөн гуманитардык жана техникалык жардам тартуу иштери жүргүзүлүүдө.

2020-жылдын 13-июлуна карата бул иштердин алкагында эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте 17,7 млн АКШ доллары суммасында жардам көрсөтүү маселеси иштелүүдө, анын ичинен 7,9 млн АКШ долларына медициналык жеке коргонуу каражаттары, дары-дармектер, жабдуулар, керектелүүчү материалдар жана азык-түлүк товарлары алынган. 

Бул 17,7 млн АКШ долларынын 13,1 млн АКШ доллары өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө (3,7 млн АКШ долларына жардам алынган), чет өлкөлөргө – 4,6 млн АКШ доллары (4,2 млн АКШ долларына жардам алынган) туура келет.

 

Булак: "Майдан.kg" газетасы