Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда онлайн брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат берлди.

Каза тапкандар:

  • Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 63 жаштагы эркек адам;
  • № 1 Шаардык клиникалык ооруканасында 64 жаштагы эркек киши;
  • Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 72 жаштагы аял киши;
  • Улуттук фтизиатрия борборунда 64 жаштагы эркек адам;
  • Жайыл аймактык ооруканасында 54-61 жаштагы 2 аял киши;
  • Баткен облустук ооруканасынан 2 бейтап — 49 жаштагы эркек адам менен 58 жаштагы аял киши;
  • Ноокат аймактык ооруканасында 53 жаштагы аял киши (медик);
  • Тоң аймактык ооруканасында 2 бейтап — 58 жаштагы эркек адам менен 36 жаштагы аял киши.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынан  жалпы 160 адам каза тапты.