"Эмнеге ушул учурга чейин саламаттыкты сактоо министри отставкага кетүүгө арызын жазган жок. Кызматка дайындалып жатканда коронавирусту бир жумада жеңип чыгууну убада кылган болчу... Бир гана убадасы келесоолук болбоптур, адамдарды дарылоодо дагы толук түрдө сабатсыздыгын көрсөттү... (Ал өзү да ооруп калды). Азыр Саламаттыкты сактоо министрлиги башы жоктой... Күн сайын 50дөй адам каза болууда. Бул деген катастрофа!!!" - деп жазды Өмүрбек Абдырахманов соцтармактагы баракчасына.