Кечээ Россиядан келген ыктыярчы дарыгерлерге барып, учурашып келдим. (Жумушка чыга элегинде). Рахматымды айтып, ыраазычылыгымды билдирип кайттым. 

Настройлору, духтары зор! «Ковид менен күрөшүп жеңебиз», - деп шымаланып олтурушат. Көрүп  аябай ыраазы болдум.  «Мекенибизде апаат болуп атса карап олтура албадык», -  дейт. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинен келип жыйын өткөрүп,  ыктыярчыларды ар кайсы оорукана обсервацияларга бөлүштүрүптүр.  Жыйында сүрөттөгү жаш улан -кыздар кол көтөрүшүп, «бизди эң "горячий точкаларга" таштагыла, биз Москвада ковид группаларда иштедик, тажырыйбабыз бар,  күч аябай  иштеп беребиз», - деп өздөрү суранышыптыр. «Ушинтип суранышты», -  деп айтышса, угуп алып аябай сүйүндүм, ыраазы болдум. Ар кимисинин колун кармап рахматымды айттым. 😊

Буйруса уучубуз куру эмес экен. Укмуш мекенчил, эр жүрөк жаштар өсүп келатыптыр! 

Самсаалы Четинбаев, коомдук ишмер