Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков 13-июлдагы брифингде билдирди. 

Ага облустун тургуну: "Облус жетекчисинин уюштуруу иштеринин натыйжасында абал тынчып, турукташып калган эле. Ал кишинин ооруп жатканы айтылган. Учурда анын абалы кандай?" деген суроо узатты. 

Өз кезегинде Ырысбек Ызабеков: "Учурда Нурболот Мирзахмедов убактылуу изоляцияда. Бирок, обочолонуп иштеп жатат. Биз онлайн режимде кеңешип жатабыз", - деди ал. 

Буга чейин Нурболот Мирзахмедовдон коронавирус илдети аныкталганы маалымдалган. 

Булак: media-center.kg