Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда онлайн брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат берди.

Каза тапкан бейтаптар:

  • Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 4 бейтап — 56, 56, 46 жаштагы 3 эркек адам, 60 жаштагы аял киши;
  • Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 70, 71 жаштагы 2 аял киши;
  • Ак-Талаа аймактык ооруканасында 61 жаштагы эркек адам;
  • Ат-Башы аймактык ооруканасында 55 жаштагы аял киши;
  • Жайыл аймактык ооруканасында 5 бейтап — 69, 67 жаштагы 2 эркек адам жана 83, 50, 61 жаштагы 3 аял киши;
  • Кадамжай аймактык ооруканасында 77 жаштагы эркек адам;
  • Лейлек аймактык ооруканасында 75 жаштагы эркек киши.

Ошону менен Кыргызстанда COVID-19 илдетинен  жалпы 147 адам көз жумду.