Фейсбуктагы "Насаат Медиа" баракчасына Кыргызстан аалымдары Чубак ажынын өлүмү боюнча өз билгендерин жазып чыгышты. Алар устат ооруп калгандан баштап жанында болгондорун, бирок ажы өз убагында дарыгерге кайрылууга көңүлдөнбөй койгонун жазышкан. 

"Үйдөн жакшы болуп кетем деп туруп алды. Бирок акыбалы оордошуп, ооруканага алып бардык. Дарыгерлер колунан келгендин баарын жасашты. Ага карабай устат көз жумду", - дешкен алар Кудайдын буйругунун алдында адамзаты алсыз экенин белгилешкен.  

"Кымбаттуу туугандар, биз урматтуу аалымыбыз Чубак ажыны акыркы сапарга узатуу менен алек болуп жүрүп соцжелелердеги маалыматтардан кабардар эмес элек. Бүгүн интернетке баш багып, андагы ар кыл комментарийлерди көргөндөн кийин ушул маалыматты айтпасак болбойт. Биз, достору ажыкебиз ооруп калган күндөн тартып, ооруканага жеткенче жанында болдук.

Чубак ажы ооруп калганын угуп, апта башында Президентибиз Сооронбай Шарипович өзү телефондон ал-акыбалын сураган. Чубак ажы: "Үйдөн эле дарыланып, сакайып кетем",- деп үйдө дарыланып жаткан. Мурда деле сыркоолоп калса ошентип эле сакайып кетчү эле... Жума күнү кечинде Президенттин жардамчысы чалып, аалымдын акыбалын сурады. Мурункуга караганда начарлаганын, дем алуусу кыйындап жатканын айтсак, "Тезинен госпитализация кылыш керек турбайбы?- деп, саламаттыкты сактоо министринин орун басарына дайындады. Улуттук госпиталда орун бар экенин айтышып, тезинен ал жерге алып бардык.

Келери менен врачтар дем алдыруу аппаратына кошуп, реанимацияга жаткырышты. Биз дайыма жанында болуп жаттык. Врачтар колдорунан келгенин кылышканына биз өзүбүз күбө болдук. Аллахтын буйругу экен, Чубак ажы дүйнө салып кете берди.

Урматтуу туугандар, сөөк да муздай элек, билип-билбей ар түрдүү баа берип жаткандардан суранабыз, мындан саясат кылбасаңыздар.

Каргыш тийген илдеттин шартында кандай муктаждык жаралса, биз да ошо эреже менен акыркы сапарга узаттык.
Урматтуу туугандар, баардыгыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Сабырдуулук тилейбиз. Элибиз бул илдеттен аз чыгаша менен чыгып кетүүсүн Кудайдан тилейбиз!" - деп жазышкан маркум Чубак ажынын достору Тойгонбай ажы Абдыкааров, Асан ажы Сыргабаев, Замир ажы Абитов, Молдожаш ажы Турдукулов.

Эске салсак, интернетте Чубак ажынын өлүмүнө дарыгерлерди күнөөлөгөн билдирүүлөр пайда болгон.