Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасына учурда өзүнүн демөөрчүлүгү менен курулуш иштери жүрүп жаткан мечитке Чубак ажынын ысымын берүүнү чечкенин жазды. 

"Мечит салып жатканбыз, Чубак Ажыке келип биринчи фундаментине үч күрөк бетон таштап берди эле. Эми ошол мечитибиздин атын «Аалым Чубак Ажы» атындагы мечит деп атайбыз. Укам Чубак Ажыке, сиз бул дүйнөдөн өттүңүз, бирок эми сиздин легендага айланган өмүрүңүз башталат”, - деди саясатчы.