Видеодон байкалгандай, маркумдун сөөгүн алып кетүү үчүн бир топ диний аалымдар чогулган. Алар “Аллаху акбар” деген сөздү айтып, ыйлап жатышты.

Белгилей кетсек, Чубак ажы Жалилов бүгүн, 11-июлга караган түнү Улуттук госпиталда каза болгон. Ал пневмония илдетине кабылып, ооруканага оор абалда келгенин дарыгерлер билдиришкен.

Маркумдун жаназасы бүгүн өзүнүн туулуп өскөн айылы - Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында окулуп, сөөгү жерге берилет. 

Булак: media-center.kg