Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымдады.
Каза болгон адамдар:
- Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 65, 51 жаштагы эки эркек адам;
- Лейлек аймактык ооруканасында 44 жаштагы эркек киши.
Ушуну менен республика боюнча COVID-19 инфекциясынан 125 адам көз жумду.