Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан (Муфтият) кабарлашты.

Маалым болгондой, ал кант диабети менен ооруп жүргөн. Маркумдун сөөгү эртең, 11-июлда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Өрүк-Зар айылында жерге берилет.

Садридин ажы Маджитов дин тармагында өз өмүрүн арнап, бир топ аалымдарга өзүнүн өрнөктүү билимин берген.

Reporter.kg  маалымат агенттигинин эмгек жамааты Садридин ажы үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Булак: Reporter.kg