Белгилүү аалым, Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов дүйнөдөн кайтты. Анын ким экенин тизмелеп жазуунун да кереги жок, жаш баладан карыга чейин таанып, жалпы кыргыз мусулмандарынын жол көрсөтүүчүсү болуп калган эле. 

Ал 11-июнга караган түнү ооруканага жеткирилген экен. Дарыгерлердин айтымында, ооруканага дем алдыруучу аппаратка муктаж болуп барган. Ажыга кычкылтек концентраторунан экөө дароо туташтырылган. Бирок бул да жардам бере алган эмес. Маркум көп убакытты үйдөн дарыланууга короткондуктан, аппаратка туташтырылгандан кийин бир сааттай убакыт өткөн соң кайтыш болгон. Ал пневмония дартынын курмандыгы болду. 

Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстандын муфтийи болгон. 2012-жылы ден соолугуна байланыштуу муфтийликтен кетүүгө арыз жазган. Бирок анын кызматтан кетүүсүнө бут тосуулар себеп болгону коомчулукта айтылганы менен ажы өзү мындай маалыматтарды тактаган эмес. 

Ал 45 жашта болчу. 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон айылында жарык дүйнөгө келген. Акыркы учурда күздө болчу парламенттик шайлоого Чубак Жалиловдун баруусун каалаган жана байкагандар көп эле...

"Саясат. kg" маалымат порталы маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Аалымдын жаткан жери жайлуу, топурагы торкоо, жаны Жанатта болсун.