Ош шаарынын тургундарынын эсине!

Эгерде сизде оорунун белгилери байкалса же ооруп жатсаңыз биринчи кезекте стационарларга барыңыз. Түз ооруканаларга же изоляция катары иштеп жаткан мейманканаларга барбаңыздар.

Күндүзгү стационарлар шаардын 3 жеринде иштеп жатат.

1) Т. Кулатов кичи районундагы “Газпром” спорт комлексиндеги стационар
2) Манас-Ата кичи районундагы “Каныкей” ресторанына уюштурулган стационар (24 саат иштейт)
3) 11-июлдан тарта А.Навои мектебине ачылган стационар

Бейтапты ооруканага түз алып барбаңыз. Биринчи аталган стационарларга кайрылгандан кийин бейтаптын абалына жараша ооруканага которулат.


Изоляция катары иштеп жаткан “Классик”, “Санрайс” мейманканалары, “Андрос” жеке менчик клиникасында азырынча орун жок.