Бул маалыматты өкүлчүлүктүн маалымат кызматы тастыктады.
«Ыйгарым укуктуу өкүлдүн айдоочусунда вирустун белгилери пайда болуп, Мирзахмедов обочолонуп иштеп жаткан. Кечээ, 9-июлда коронавируска каршы тапшырган анализинин жыйынтыгы чыгып, илдетке кабылганы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 9358ге жетти. Алардын ичинен 3134 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 122 адам каза болду.
Булак: Элгезит