
Белгилүү котормочу, акын-пародист, журналист-публицист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы, КР Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссиясынын мүчөсү, СССР Журналисттер Союзунун анык мүчөсү, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө зор салым кошкон коомдук ишмер Аалы Молдоканов 69 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Аалы Молдоканов 1951-жылдын 20-сентябрында Кочкор районунун Жаңы-Жол айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүткөндөн кийин 1977-1979-ж.ж. “Кыргызстан” басмасында корректор, кенже редактор болуп иштеп баштаган. 1979-1989-ж.ж. “КыргызТАГ” мекемесинде редактор, котормочу болуп иштеген. 1989-1991-ж.ж. Бишкек шаараткомунда мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. 1991-2000-ж.ж. КР Жогорку Кеңешинде котормо секторунун башчысы, 2000-жылдан ушул убакка чейин КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы, бөлүм башчысы кызматтарын аркалап келген.
Маркумдун санаалаштары, кесиптештери жана жакындан таанып - билгендер анын адамгерчиликтүү, жөнөкөй, интеллектуалдык деңгээли жогору, кыргыздын тубаса касиетине бай адам болгонун эскеришет. Ал коомдук-саясий котормо жаатында көп жыл эмгектенген жана мамлекеттик расмий документтерди кыргызчалоо иштеринин дээрлик баарына катышкан. Ал тарбиялаган котормочулар, чыгармачыл жарандар бүгүнкү күндө Кыргызстандагы мамлекеттик жана коомдук мекеме-уюмдарда, айрым шакирттери жетекчилик кызматтарда талыкпай эмгектенишүүдө.
Ошондой эле ал учурдун күрөө тамырын кармаган аналитик катары кыргыздын улуттук баалуулуктары, дүйнө таанымына тиешелүү маселелери боюнча өзүнүн ойлорун мезгилдүү басылмаларга тынбай чагылдырып, өзүнө гана таандык стили бар чебер журналист катары коомчулуктун көңүлүн буруп келген.
"Sayasat. kg" маалымат порталы маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Көрөңгөсү бай, деңгээли бийик, калеми курч инсандын азаптуу илдеттин курмандыгына айланып, мезгилсиз дүйнө салганы жүрөгүбүздү тилип турат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торкоо болсун! Үй-бүлөсүнө, жакындарына Жараткан сабыр берсин.