Эмилбек Каптагаев кыргыздын жакшы сапаты катары кандай кырдаал болбосун "жакшы" деп гана жооп бергенин эсептейт. Бул тууралуу соцтармактагы баракчаны жазды:

"Бизде көп эле жаман жак бар...алар жөнүндө көп эле жаздым... Албетте, алар менен катар эле жакшы сапаттарыбыз да көп. Ансыз кантип болсун... Болбосо ЭЛ катары сакталбай эбак эле кумга сиңгендей жок болуп кетпейт беле КЫРГЫЗ. Ошол жакшы жактары уютуп, бириктирип кармап турат да... Ошол жакшы жагыбыздын бири - бул жамандык-жакшылыкта ыйкы-тыйкыны таштап, үрпөйүп бириге калмайыбыз... Буга чейин бул касиет тууганчылыкта же жердешчиликте кеңири орун алып келсе, азыр бул алааматта бул касиетибиз УЛУТТУК деңгээлде деле орун ала турганын көрдүк... Тубаса туюмубуз элдин башын бириктирип жатат... өз ара жардамдашуу, каралашуу, колдоо абдан кеңири, "өзүм болсом болдум, башкалар маа демектен кырылып калгыла..." - дегендей маанай жок коомдо, мени абдан кубантып турат азыр... Экинчи жакшы касиетибиз - бул ЖАКШЫ деген сөзүбүз экен... Ооруп өлүм алдында төшөктө жаткан кишиден сурасаң да "жакшы" деп жооп берет... Эми ушул касиетибиз менен бири-бирибизди колдоп, дем берип, болуп жаткан иштерди, аракеттерди, көтөрүлүп жаткан демилгелерди колдоп ЖАКШЫ деп турсак баары жакшы болот деп ишенем... Жакшынын арты жакшы эмеспи..."