Кечээ коронавирустук кырдаалга байланыштуу өкмөт башчысы Кубатбек Боронов маалымат жыйынын өткөздү. Андагы негизги учурларга токтолдук...
Контракттык негизде дарыгерлер жумушка тартылат, айлык акысы 70 000 сом!
- Бишкекте жана Чүй облусунда дарыгерлерди контракттык негизде жумушка тартуу иши башталды. Жумуш орду Бишкек жана Чүй облусунун аймактарындагы ооруга чалдыккандарды дарылоо пункттарында болмокчу. Эмгек акы боюнча кабатыр болбоңуздар. Сиздер айлык акы жана жашаган жер, тамак-аш менен камсыз болосуздар. Бул бардык медицина кызматкерлерине тийиштүү. Аларга айлык акы категорияларына жараша 70 000 сомго чейин төлөнүп берилери каралган.
Учурдан пайдаланып, азыркы тапта иштебей отурган дарыгерлерди, медайымдарды жана бардык медицина кызматкерлерине кайрылам. Азыр бизге пульмонолог, терапевт, реаниматолог, кардиолог, инфекционист дарыгерлер өтө керек. Өз ыктыяры менен каалоочулар болсо Саламаттык сактоо министрлигинин кадрлар бөлүмүнө бүгүнкү күндөн тартып кайрылууга болот.
“Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр киргенине байланыштуу, иштер башталды. Тактап айтканда 1-июлдан медицина кызматкерлерине жана медициналык мекемелердин кызматкерлерине буга чейин төлөнүп келе жаткан айлык маяналарына кошумча төлөмдүн өлчөмү категорияга жараша орточо 25-30 пайызга көбөйтүлөт.
Мисалы, эгерде буга чейин инфекциялык бөлүмдөрдө, реанимацияда, вируслогиялык лабораторияда, обсерваторлордо жана мобилдик топтордо иштеп жаткан дарыгерге 1 күнгө 2300 сом төлөнсө, азыр 3000 сом төлөп берүү сунушталып жатат. Мындан тышкары буга чейин 1 ай ичинде 14 күн изоляцияда болуп келсе азыркы учурда изоляцияда болууну 7 күнгө кыскартуу сунушу киргизилип жатат. Бирок изоляцияда болгон күндөрүнө мурунку эле бекитилген тартиптей күнүнө 900 сомдон төлөнөт. Ошондо дарыгер орточо 29 күнгө жалпысынан 72 000 сом кошумча төлөм алат, буга чейин бул сумма 47 000 сомду түзгөн.
Ушул сыяктуу эле жогорулатуу санитардык-карантиндик пункттарда, блокпосттордо, тез жардам кызматында иштеген врачтарга, орто медициналык кызматкерлерге жана техникалык, кенже тейлөөчү персоналдардын да кошумча төлөмдөрү жогорулайт. Медицина кызматкерлери оор шарттарда адам өмүрүн сактап калуу үчүн күнү-түнү иштеп жатышат. Бул келген сыноодо жардам көрсөтүү үчүн аймактардан медиктер келишти. Өлкө аймагынан тышкары жашаган медицина кызматкерлери дагы четте калышкан жок.
Саламаттыкты сактоо тармагына болуп көрбөгөндөй күч келип жатат!
- Республикада эпидемиологиялык кырдаал өтө оор болуп турат. Акыркы күндөрү өлкө боюнча күнүгө 300дөн ашык адам коронавирус инфекциясын жугузууда. Айрым учурда COVID-19га чалдыккандардын саны 500гө чейин жетүүдө. Коронавирус инфекциясынын кесепетинен өпкөсү сезгенген бейтаптардын санынын көбөйүшү кырдаалды мурдагыдан дагы курчутту.
Пандемияны эске алуу менен, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эпидемиологиялык абалдын начарлашынан улам ата мекендик саламаттык сактоо системасына болуп көрбөгөндөй күч келгенин моюнга алышыбыз керек. Кырдаал өтө оор жана татаал, ал үчүн биздин жоопкерчилигибиз бар. Учурда жарандарыбыз ооруканалардан медициналык жардам алууда кыйынчылыктарга туш келүүдө. Ооруканалардагы кезек күтүү жана бейтаптар үчүн даярдалган орундардын тез толушу - бул бүгүнкү күндүн чындыгы.
Биз күн сайын элди дарылоо үчүн жаңы орундарды түзүп, күндүзгү стационарларды ачып жатабыз. Мындай кабыл алуу борборлору Бишкек шаары менен Чүй облусунда гана ачылбастан, өлкөнүн бардык аймактарында түзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө бул ишке кайдыгер эмес жарандар стационар үчүн имаратын берип, медицина кызматкерлерине тамак-аш ташып, финансы каражаттарын чогултуп, жетишсиз болуп жаткан медициналык аппараттарды сатып берүү менен жардам берүүдө.
Катуу чектөө чараларын кайрадан киргизүү - жарандардын турмушуна терс таасирин тийгизет!
- Экономиканын көпчүлүк тармактарынын ишин токтотууга алып келе турган катуу чектөө чараларын кайрадан киргизүү - бул ишканаларга жана жарандардын турмушуна терс таасирин тийгизет. Бизде инфекциянын жайылышын алдын алып, токтотууга бир гана жолубуз бар – бул ички тартипти жана санитардык нормаларды катуу сактообуз керек. Өзүнөн жана үй-бүлөсүнөн мурда, ооруп жаткан бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн күнү-түнү иштеп жаткан медицина кызматкерлерине жардам бериңиздер.
Ошондой эле ал жарандарды колдон келишинче үйдөн чыкпоого, кыймылды чектеп турууга, эл көп топтолгон жерлерге барбоого чакырам. Өзгөчө бул улуу муундун өкүлдөрүнө жана вирустун жугушу жогору болгон өнөкөт оорусу барларга тийиштүү.
Булак: "Майдан.kg" газетасы