Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 2020-жылдын 9-июль күнү саат 10:00 чамасында Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 4-чакырымында “Фолксваген-Пассат” унаасы менен Шахман оор жүк ташуучу унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти. 


Кырсыктын кесепетинен 3 адам (2 эркек: 1974-жылы туулган, 2008- жылы туулган, 1 аял: 1978-жылы туулган) каза болуп, 3 адам (1 кыз: 2012-жылы туулган, 2 эркек бала: 2004- жылы туулган, 2006-жылы туулган) жабыркаган.

Тазалоо иштерине КР ӨКМнин Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу, тез жардам кызматкерлери, ИИМ кызматкерлери тартылган.

Куткаруучулар жерине барып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган жана каза болгон адамдарды тез жардам кызматкерлери шаардык ооруканага жеткизишкен.