Бул тууралуу бүгүн, 10-июлдагы брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат берди.

Каза болгон адамдар:

  • Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 90 жаштагы эркек адам;
  • Жайыл аймактык ооруканасында 2 жаран — 70, 69 жаштагы 2 аял киши;
  • Жалал-Абад облустук ооруканасында 2 жаран — 49, 53 жаштагы эркек адам;
  • Нарын облустук ооруканасында 61 жаштагы аял киши.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан  жалпы каза болгондордун саны 122 кишини түздү.