9-июлда Бишкектин Октябрь, Свердлов жана Ленин районунда жайгашкан күндүзгү стационарларга мурдагыга караганда 20 пайыз аз бейтап кайрылса, Биринчи май районунда медициналык жардам алууга келгендердин саны 25 пайызга аз болду. Стационарларда иштеген медицина кызматкерлери бүгүн бейтаптарда мурдагыдай ызы-чуу түшүп, бушаймандануу болбогонун айтышкан. 

Бишкек мэриясы жарандарды ОРВИ, грипп, пневмония дарттарынын белгилери пайда болгон алгачкы күнү эле күндүзгү стационарларга кайрылып, ооруну өтүштүрүп жибербөөгө аракеттенүүгө чакырды. 

Тогуз күндүзгү стационарларда 57 дарыгер жана 83 медайым, 17 санитар, ординаторлор жана ыктыярчылар иштейт. Эртең менен 8ден кечки 8ге чейин ОРВИнин жеңил түрү менен ооруган шаардыктар медициналык консультация, капельница, укол ала алышат. Бул жайлар оор акыбалдагы бейтаптарга ылайыкташкан эмес.