Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев да медицина кызматкерлерин тамак-аш менен камсыз кылуу демилгесинен четте калбады. Ал бүгүн өз колу менен палоо жасаганын соцтармактагы баракчасына жүктөдү.
"Элибиздин саламаттыгын сактап, ар бир өмүр үчүн күрөшүп жаткан дарыгерлерибизге тамак- аш жардамыбызды улантып жатабыз. Бүгүн дагы 200 медицина кызматкерлерине ысык тамак жеткирилет. Жараткан Аллахыбыз элибизге ден соолук жана өмүр берсин!" - деп жазды депутат.