- Камила эже, Коопсуздук кеңешинин жыйынында Президент өкмөттү сындады. Ажонун өкмөткө койгон дооматы, сыны орундуу эле болдубу?

- Президент Коопсуздук кеңешинде өкмөттү катуу сынга алды, өз учурунда айтылган негиздүү сын болду. Ачыгыны айтканда, өкмөт системалуу иштей алган жок. Уюштуруучулук, кесипкөйлүк тажрыйбаларынын жетишсиздигинен улам ыкчам жардам берүүнү уюштурууда оркойгон каталарды кетирип жатты. Ошондуктан, иштеринде натыйжа жок, чар жайыттуулук орун алды. Негизи, кадрлар жетишсиздиги, гүлдөгөн коррупциянын чынжырчасы, темирдей тартиптин, жоопкерчиликтин, бирдиктүү координациянын жоктугунан мына ушундай алешемдиктерге жол берилип, элди бөөдө кырсыкка учуратты. Президенттин сынынан жыйынтык болобу, же жокпу, маселе ошондо болот. Сын айтуу жеңил, а аткаруу өтө оор. Жыйынтык чыкпаса, сынды айтып-айтып, кала бергенден элге не пайда? Азыр, убакыт күтпөйт, көзгө көрүнбөгөн вирус согушу, бул согушта элдин убалынан корксо, өкмөт ыкчам чечимдерди жоопкерчилик менен кабыл алып, кесипкөй иш-пландардын негизинде иш жүргүзүп, элин аман сактап калуусу зарыл.

- Президенттин шайлоо күнүн белгилегени түрдүү сынга туш болду. Бири президент милдетин аткарып жатат десе, экинчиси аргасыздык катары баалашууда...

- Башмыйзам боюнча Президент өз милдеттерин мыйзамдын негизинде аткарып жатканын ачык эле айтып коюу керек. Шайлоо мөөнөтү, күнү мыйзамдын негизинде белгиленди. Мындан саясат кылуунун кереги жок. Мыйзамдуу мамлекетте жашап жаткан соң, шайлоо мыйзамдарын бузууга да жол бербөө керек. Бул биринчи маселе. Экинчи, эң негизги маселе болуп, эгерде, өлкөдөгү пандемия кырдаалында абал курчуп кетсе, аны эске албай, элдин тагдырын тобокелге салып, шайлоо өткөрүүгө шарт түзүп, тобокелчиликтерге бара турган болсо, бул кылмышка тете иш болот .

- Мухаммедкалый  Абылгазиев жана анын өкмөтү элди ушундай абалга кептегени үчүн жоопкерчиликке тартылышы керекпи же апааат болду деп кечирим кылышыбыз керекпи?

- Албетте, колу менен жасаганды моюну менен тартуу керек. Негиздейин, биринчиден, Абылгазиевдин өкмөтү пандемияга даярдык көрүүдө тесттен өтпөй калды. Максаттуу келген акчаны, каржыны пандемияга эмес, бюджеттин жыртык-тешигин бүтөөгө салып ийип, мыйзамды бузду. Экинчиден, даректүү келген каржыны үнөмдүү, дыкат, сарамжалдуу иштете албады. Тажрыйбасыз жетекчи экенин даана көрсөтүп койду. Бир эле мисал айтайын, “ПолитКлиника” медиа-сайтынын иликтөөсүндөгү жагдай көрсөттү, былгыган коррупция жыттанып жаткан алешемдиктерге жол берилгени даана эле байкалып турат. Маселен, тендерди бир эле фирма, компания бир нече жолу ута берген жерлери бар. Миллиондогон акчалар жең ичинен кетип, “Биримдик” партиясынын өкүлүнүн башы кылтыйып чыгып жатышы да түмөн суроо жаратып жатпайбы? Эми, ошол эле партия менен Абылгазиев парламентке келет деген каңшаар да бекер жерден эмес го? Менимче, бул жерде чиеленген коррупция жатат. Жумурай- журттун, калың элдин тагдырына кайдыгер, жоопкерчиликсиз мамиле тутканы үчүн, ким болбосун, тарых алдында, мыйзам астында жооп берүүсү керек.

- Саламаттыкты сактоо министринин чабалдыгы азыр да байкалып турат. Аны карап отура беришибиз керекпи  же элдин өмүрүн сактап кала ала турган адамды кызматка тартыш  керекпи? 

- Саламаттыкты сактоо министрлигине, өкмөттүн ал тармакты тейлеген, координация кылган жетекчиси боюнча элдин нааразычылыгы күч. Чабал иштеп жатканын элдин баары көрүп турат. Ыкчам чечимдер, элди ыкчам тейлөө, ден соолукка кам көрүү жогорку денгээлде болсо, натыйжа да башкача болмок. Албетте, элге келген сыноо деп, сын такпай, тынч, Жараткандан тиленип, эл баш ийип отурабыз. Бирок, күн сайын “кара кагаз” келгендей кабарлар жанды кашайтып, ачуу айтканга да кээде туура келип жатат.
Өкмөт башчы да министр боюнча бир чечим кабыл албаса болбойт. Минтип, уйкусурап отуруп, элди бөөдө кырып албаш керек, элдин убалы бар, эртең өзү жооп берип калат.

- Премьердин партияларга кайрылып, “шайлоого деген каражатыңарды ковид менен күрөшүүгө бргиле”- дегени мыйзамга ылайык келеби?

- Премьер министр да айласы куруп, каржынын тартыштыгынан улам айтып жаткан аргасыздык жолу да. Пандемияга келген карыз акча кандай иштетилип жатканын, иштетилип кеткенин эл баамдап турат. Көбү, жетекчинин чабалдыгынан максатсыз, кумга сиңгендей жок болуп кетти. Ошол акчаны сарамжалдуулук менен колдонуп, бир чоң заманбап оорукана салып койсо, бүгүн сыркоологон эл спортзалдарда жатпайт эле.
Элден айланса болот, колунда бары кол кабыш кылып, өкмөттүн абийирин жаап жатат. Ата наркы менен тарбия көргөн муун бар, уул-кыздарыбыз бар, жеңилин жерден, оорун колдон алып жатышат.

- Бир сом да маанилүү болуп турган мезгилде БКШнын банерлерге коротуучу миллиондогон каражатына бир оорукана салып койсок болбойбу?

- БШКнын каржысы боюнча эл ичи уу-дууга түшүп эле жатып калды. Бир чети, элдин сыны туура. “Миллиондогон акчаны асманга бекер сапырып ийбесин, элдин башына кыйбат түшүп турганда, аны эске алуусу керек”,- деген элдик үндү бийлик укса деген эле тилек. Президент “санарипке өтөлү” деп жатса, интернеттин заманында көрнөк- жарнакка деп, коромжу болчу милллионду башка максаттуу ишке жумшаганы туура болот.

Булак: "Майдан.kg" газетасы