Бүгүн, ал ооруканадан чыкканы тууралу расмий билдирип жалпы кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирди.
"Урматтуу Кыргыз калкым! Биз, бүгүн больницадан чыктык, эми калган дарыланууну үйдөн улантабыз. Элимдин дубасы, ак тилектери, АЛЛАХымдын буйругу жана ак халатчан баатырларыбыздын зор эмгектери бизди сактап калды! Миңдеген адамдардын телефон, вотсап жана башка суроолоруна, каалоолоруна жооп бере албадым, туура түшүнүңүздөр, баарыңыздарга ыраазымын, эми жашоом кайрадан башталды. Мындан кийинки өмүрүм элдики, баардыгын элге деп өтөмүн, бүгүнтөн баштап жардам берүүчүлөрдүн чоң армиясынын катардагы солдатымын! Жаша Кыргызстаным, дем ал, дем ал боордошум, ынтымакта жеңебиз!", - деп Камчыбек Ташиев өздүк баракчасына жазып чыкты.