А.Бекназаров корол Абдулла Рийятуддин Аль-Мустафага ишеним баракты малай тилинде cүйлөп тапшырганын Малай элинин улуу урматтуу башчысы баарлашуу бөлмөсүндө дагы бир жолу ыраазычылык менен белгилеп, 7 жыл мурда Кыргызстанда болгонун, “Хаятт” мейманканасында 5-6 күн жашаганын, жылкынын эти (учасы) ошондо аябай жакканын кошумчалады.

Элчи А.Бекназаров өз кезегинде Абдулла Рийятуддин Аль-Мустафаны Кыргызстанга дагы бир жолу - эми король катары расмий иш сапар менен келип кетүүнү отунду. Ошондой эле Малайзиянын королевасы А.Бекназаровдун жубайынын улуттук кийимине кызыгып, кыргыздын боз үйүнө суктанарын билдирди. Ишеним грамотасын тапшыруу аземине Малайзиянын тышкы иштер министри жана башка расмий адамдар катышты.