Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди ооруканадан УКМКнын абагына которушту. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Атамбаевдин ден соолугу канааттандыраарлык болуп калган. Дарыгерлер консилиум өткөрүп, жыйынтыгында мурдагы президентти абакка которуу чечими кабыл алынган. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.
Эске салсак, Атамбаевден ден соолугу начарлаганын үй-бүлөсү 30-июнда жарыялашкан. Алар мурдагы президентке дартты атайын жугузушканын бидлдиришкен. УКМК мындай айыптоого жооп катары, Атамбаев адвокаты жана жакындары менен бир нече жолу жолугушканын, так ошолор вирус жукканын билдирген.