Балыкчы шаарында адамдар поликлиникага кезек күтүшүп, бирок медицина кызматкерлери да ооруп калгандыктан аларга медициналык жардам берчү адам жок, көчөдө кулап калышты. Мындай көрүнүштү чагылдырган видео соцтармактарга тараган. 

Видеодон поликлиниканын алдында топураган кезек күтүүчүлөрдү көрүүгө болот. Аларга эшик ачылган жок. Ары жакта машинанын жанында турган жарандын акыбалы начарлап, жыгылып кетчүдөй, аны бир киши кармап алып кетүүгө аракеттенди. 

"Балыкчынын поликлиникасын карагыла. Эл жыгылып жатат, эч кандай жардам жок, дарыгерлерди чакырса да келбей жатышат. Адам өлүм алдында. Коркунучтуу. Ичкериге бир-эки адамдан эле киргизип жатышат. Тиги жигит аянычтуу. Чыйрыгып, титиреп жатат", - деп видеону автор комментарийлеген. 

 Аталган поликлиниканын башчысы Дамира Мусабаева мындай маалыматты четке какты. Ал поликлиника медиктер жетишпей жаткандыктан жабылып калды деген чындыкка дал келбейт дейт. Айтымында, көп медиктер учурда ооруп калган, бирок оорулууларды кабыл алууга эч ким жок калгыдай абалга жете элек. Дарыгерлер баштагыдай эле бейтаптарды кароону улантып жатышат. Поликлиника штаттык режимде иштеп жатат. 

"Ал эми кезек тууралуу айта турган болсок, жакын арадагы башка поликлиникаларда керектүү жабдыктар жок болгондуктан флюрографиядан өтүүнү каалоочулардын баары ушуга келишет. Бул жерде бир нече район үчүн жалгыз аппарат орнотулган", - деди.