Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов жана Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Аалыев өзүнүн кызматтык унааларын медиктерге пайдаланууга беришти. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, автоунаалар бириккен аймактык оорукана жана Жайыл райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна коронавирус пандемиясы менен күрөшүү учурунда пайдаланууга берилди. Андан тышкары мэриянын бюджетинен 5 миллион сом ИВЛ аппараттарын, кислород концентраторлорун жана тез жардам унаасы үчүн күйүүчү май салып алууга бөлүнгөн.
Анда айтылгандай ушул жуманын башында аталган медициналык мекемелердин директорлору медициналык жабдыктарды жана тез жардам унаасына күйүүчү май алууга жардам берүүсүн өтүнүп кайрылышкан. Мэр шаардык кеңешке кайрылып, бюджеттен керектүү сумманы медиктерге бөлүүгө депутаттардан уруксат сураган. Алмаз Аалыев кезексиз жыйын өткөрүп, депутаттардын баары мэрдин сунушун бир добуштан колдоп беришкен. Эми эки жуманын ичинде бардык зарыл жабдыктар сатылып алынат.