Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова  онлайн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымы боюнча  өлкөдө  коронавирус  инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 8847 адамга жетти.

 Ал эми, 70 адам коронавирус оорусунан сакайып ооруканадан чыгарылды. Муну менен республика боюнча коронавирустан айыккандардын саны 3053 адамды түздү.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 150 адам;

- Чүй облусунда 59 адам;

- Ош облусунда 28 адам;

- Ош шаарында 43 адам;

- Жалал-Абад облусунда 25 адам;

- Баткен облусунда 20 адам;

- Нарын облусунда 18 адам;

- Ысык-Көл облусунда 17 адам;

- Талас облусунда 1 адам.