Бул тууралуу  9-июлда  брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Каза болгон учурлар:

  • Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында 77 жаштагы эркек адам;
  • Жайыл аймактык ооруканасында 2 жаран — 62 жаштагы аял киши жана 55 жаштагы эркек адам;
  • Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында 68 жаштагы эркек адам.

Ошону менен республика боюнча  коронавирус илдетинен  жалпы 116 адам көз жумду.