Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев үй-бүлөсүнүн атынан Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгерлерине 1 млн сом жардам көрсөттү. Бул тууралуу эл өкүлү өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, аталган каражат коронавирустун очогунда вирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлерди колдоого багытталат.

«Кыйын кезде улуттун саламаттыгына кам көрүп, өздөрүнүн ден соолугун, өмүрүн тобокелге салып, күнү-түнү иштеп жаткан дарыгерлерге таазим кылам» , — деп жазган Төрөбаев өзүнүн билдирүүсүндө.

Булак: маралфм