Дагы бир суук кабар... Кыргызстанда коронавирустук пандемия кайрадан күч алгандан бери согуш талааларынан жаңылык жазып жаткандай ыңгайсыз абалда турабыз, жума сайын гезит бетинен тигил же бул инсандын некрологун жарыялоо бизге да оор болууда... Сан даярдалып жатканда Жогорку Кеңешинин депутаты Чыныбай Турсунбековдун өпкөнүн кагынуусунан каза тапканын угуп, деңдароо болуп олтуруп калдык. Кайталангыс, таланттуу адамдан, дагы бир улутуна тирек болчу инсандан ажырадык. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө, демократиянын орношуна түздөн-түз салыш кошкон саясий ишмер, чыгармачыл адамдардын колдоочусуна айланган акын-жазуучудан айрылдык. Кош, Чыныбай мырза! Жаткан жериңиз жайлуу болчун! Үй-бүлөсүнө, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз...
Чыныбай Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Жан-Булак айылында туулган.
1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) кыргыз филология жана журналистика факультетин, 2002-жылы Бишкек шаарындагы Дипломатиялык академияны артыкчылык дипломдору менен аяктаган.
1983-1985-жж. “Кыргызстан” басмасынын саясий адабияттар редакциясында редактор, улук редактор болуп иштеген.
1985-1988-жж. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын аспирантурасында окуп, 1988-жылы филология илимдери жаатында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган.
1989-1992-жж. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде окутуучу, ага окутуучу, декандын орун басары болгон.
1993-1994-жж. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү, 1995-1997-жж. ТИКА кызматкери, “Манас-1000” Мамлекеттик комитетине караштуу Түркиядагы “Манас дастаны” филиалынын директору болуп иштеген.
1993-1996-жж. “Азаттык” үналгысынын Түркия боюнча сырт кабарчысы да болуп, кыргыз-түрк алакалары, Түркиядагы кыргыз диаспорасы тууралуу берүүлөрдү ырааттуу обого чыгарган.
1997-жылы ал Кыргызстанга кайтып келип, “Акун” фирмасын негиздеген. Ошондон баштап “Акун” фирмалар тобун жетектеп турду.
Ал Кыргызстан ишкерлер союзунун президенти, Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы коомдук кызматтарын да аркалады.
Ал ыр жыйнактарын жарыялаган. Андан тышкары ал орус тилинен Николай Рубцовдун, түрк тилинен Осман Түркайдын айрым ырларын, түрк жазуучусу Нихал Атсыздын “Көкжалдардын өлүмү” романын, ошондой эле Түрк Тил курумунун тапшырмасы менен “Түрк дүйнөсүнүн адабияты” деген аталыштагы эки томдукту кыргыз тилине которгон.
2003-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгына ылайык эгемен Кыргызстандагы экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн “Даңк” медалы менен сыйланган.
2014-жылы “Жалын тоо” ыр жыйнагы жарык көргөн. Үч бөлүктөн турган китепке акындын буга чейин жарык көргөн эки ыр жыйнагынан алынган ырлары да кирген.
Ч.Турсунбеков бир катар акын-жазуучуларга жана башка айдыңдарга чыгармачылыгын колдоо үчүн демөөрчүлүк кылып келгени, ЖОЖдордун профессорлоруна, окумуштууларына Ысык-Көлдөгү “Акун” эс алуу жайында жайкысын эс алууга ар жыл сайын шарт түзгөндүгү маалым.
Булак: “Майдан. kg” гезити