Коронавирус эч кимди аяган жок. Дүйнө башына түшкөн мүшкүлдөн кыргыз жергеси да четте калбады, жугуштуу дарт саясатчы, депутат, дарыгер, академик деп бөлүп отурбады. Кыргызстан канча дарыгеринен, илимпозунан айрылды, канча деген эл түйшүгүндөгү адамдар учурда жашоо үчүн күрөшүп ооруканада жатышат! Илдеттин кесепетин ченөө мүмкүн эмес, күн сайын 300дөн ашуун жарандын ооруну жуктуруп алганын уксак, арасында бул дүйнө менен кош айтышкандары да жок эмес. Кыргыз саясаты, медицинасы, илими жоготууга канчалык учурады - көзү өткөндөрдү калк эсине салып, ооруп жаткандарга ден соолук тилеп коелу дедик.
Дарт менен алышкандар
Учурда бир катар элге төбөсү көрүнгөн инсандар дарт менен алышууда. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунан коронавирус инфекциясы табылып, ооруканага жаткырылып, учурда жакшы болуп калды. Андан кийин парламентте иштегендердин баарынан жапырт анализ алынган. Жалпысынан жети кабаттуу имараттын 25 кызматкеринен коронавирус аныкталган. Анын арасында “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Бейшеналы Нурдинов, “Өнүгүү-Прогресстин” лидери Бакыт Төрөбаев да бар. Андан тышкары депутаттар Экмат Байбакпаев, Бакытбек Турусбеков жана Тазабек Икрамовдун да ден-соолугу начарлаганы айтылган.
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов менен Жалал-Абаддын калаа башчысы Муратали Тагаев да дарттын чеңгээлинен кача албады. Кудайга шүгүр, оору жеңил формада өтүп, бир канча күндөн кийин кайрадан катарга кошулушту.
Жакында депутат Жылдыз Мусабековдун жаны кыйналгандагы видеосу соцтармакка тарады. Депутат өзү тартып, дене табы көтөрүлбөй, жөтөлбөй жатканы менен бүт денеси ооруп, абдан алсыз болуп жатканын айткан. Андан көп өтпөй Мусабекова оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Саясатчы Камчыбек Ташиев да эл башына келген күндүн азабын чогуу тартты. Пневмония дартына кабылып, ооруканалардын бирине жеткирилген. Аны менен кошо жубайына да илдет жугуп, экөө чогуу дарыланып жатышканы айтылган. Саясатчынын акыбалы акыркы күнү жакшырып, оорунун жан чыдабас сааттары артта калганын жакындары билдиришти. Белгилүү блогер Шүкүрбек Эркебаев К.Ташиевдин абалы тууралуу “Фейсбуктагы” баракчасына минтип жазды: “Мекенчил саясатчы, эл уулу Камчыбек Ташиевдин өпкөнүн эки тараптуу сезгенүү дартына кабылып, ооруканада оор абалда жатканына бир нече күн болуп калды. Бүгүн атайын барып, Камчыбек Кыдыршаевичке жолугуп, ал-абалын билип кайттым. Кудаага шүгүр, кечээ, мурунку күндөргө караганда ушу тапта салыштырмалуу жакшы жакка жылыштар бар экенин айтты, бирок балакет дарт дагы деле кете элек, чырмап, кыйнап жатканын жүзүнөн байкаса болот. Эң негизгиси – дарылоодо прогресс бар экендиги чекемди жылытты, эс ала түштүм. Медиктерге ыраазычылык! Өмүрлүк жубайы менен бир палатада дарыланып жатышат. Камчыбек Кыдыршаевич ушундай оор шартта жакшы сөздөрүн аябай, колдогон пикирлерин тынымсыз жазып жаткан мекендештерге терең ыраазычылыгын билдирди. Алдыда, дагы толук айыгып кеткенче бир топ жолду басыш керек. Ошондуктан, Алла таалам өзү колдоп, оорусуна шыпаа беришин тилеп туралы... Өмүрлүк жарыңыз менен тезирээк сакайып, арабызга келип кошулушуңузга тилектешмин!”.
Каза тапкандар
Жогорку Кеңештин экс-спикери Мукар Чолпонбаев 70 жаш курагында 24-майда коронавирус дартынан ооруканада каза тапты.
Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы, Эмгек сиңирген дарыгер Бектемир Мамбетөмүров жашоо менен кош айтышты. Ал эки тараптуу пневмониянын курмандыгы болду.
Жалал-Абад мэриясынын алдындагы долбоорлорду реализациялоо бөлүмүнүн башчысы Садыр Айтбаев да эки тараптуу пневмония менен жабыркап, илдеттен жакшы боло албай бул дүйнө менен кош айтышты.
Ош шаарынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана инфекциялык оорулардын алдын алуу борборунун башчысынын орун басары Артыкбай Эралиевди да колдон жулдурдук.
Өмүрүн билим берүүгө арнаган, дээрлик жарым кылым мектептерде математикадан сабак берген Билим берүүнүн отличниги Мансур Сарибжанов 82 жаш курагында илдет түрүндө келген апааттын кесепетине кабылды. Ал бир нече күн үйүндө дене табы көтөрүлүп жатканы жана ооруканаларга жатууга кезекке туруп, бирок кезеги келгиче көз жумганы айтылды.
Медициналык илимдердин кандидаты, профессор, педиатр-дарыгер Абдиманап Муратов 60 жаш курагында эки тараптуу пневмония дартынан улам каза тапты. Ал акыркы учурда КОВИД-19 менен күрөшүү боюнча илимий-консультативдик кеңештин курамына кирген эле. Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары.
ИИМдин кайтаруу кызматынын Октябрь райондук бөлүмүнүн начальниги Айбек Баеков да эки тараптуу пневмониядан айыга албай арабыздан узады. Ал мурдагы башпрокурор, Конституциялык палатанын мурдагы төрайымы Чолпон Баекованын уулу эле.
29-июнда Бишкектеги Ленин райондук ИИБинин кызматкери, милициянын улуу лейтенанты Бердибай Элакунов жашоо менен кош айтышты. Элакунов өмүрүнүн акыркы сааттарында өзүн видеого тартып, бул илдеттин абдан коркунучтуу экенин айтып, элден санитардык талаптарды аткаруусун суранган.
Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмүнүн башчысы Эдил Садыков да 4-июлда 62 жашында көз жумду. Анда коронавирус инфекциясы бардыгы аныкталып, төрт күн жандандыруу бөлүмүндө жаткан.
Аламүдүн районунун акиминин орун басары Айбек Кулубаев 3-июлда арабыздан кетти. Токмок шаарынын ооруканасында кесепеттүү дарттан дарыланып жаткан.
ИИМ министринин мурдагы биринчи орун басары, генерал-майор Сабырбек Курманалиевдин коронавирустан каза тапканы 4-июлда белгилүү болду. Ал 66 жашта болчу.
2-июлда адвокат Кайрат Загибаев эки тараптуу пневмониянын курмандыгына айланды.
Милициянын подполковниги, ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү боюнча кызматынын начальниги Олег Запольский 27-июнда түбөлүк жайына узады. Ал пневмония оорусунан жабыркаган.
Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов оор жоготууга учурады. Жубайы Жанара Турдакунова 6-июлда коронавирус инфекциясы чакырган пневмониядан каза тапты. Жубайлардын ортосунда төрт бала бар.
Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева да пневмония дартына чалдыгып, ооруканада 6-июлда 62 жашында кайтыш болду.
Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбековдун пневмония дартынан улам ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон. 6-июль күнү жакындары экс-спикердин акыбалы жакшырганын, жакын арада ИВЛ аппаратынан чыгарылып, өз алдынча дем ала баштаарын билдиришкен. Бирок арадан бир нече саат өтпөй акыбалы кескин начарлап, жарыкчылык менен кош айтышты.
Мына ушундай... Айттырбай келген илдет заматта жашообузду өйдө-ылдыйга сапырды. Көзү өтүп кеткен маркумдардын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Ал эми ооруп жаткандар тезинен айыгып, катарыбызга кошулушун тилейбиз.
Булак: “Майдан. kg” гезити