Мындан эки ай мурун Европа ичи боо-боо болуп кулап жатты эле… Ооруп, каза болуп. Бүгүн кадимки жай турмуштай жадырап жашыл кийип калышты… Салыштырмалуу кадимки жашоо келди. Бирок ал оңой келген жок. Миңдеген адамдар бүгүн катарда жок. Мамлекет мындан жыйынтык чыгарууда. Оңу-терси эмне болду деп сабак кылууда. Ошо менен тартипти, көзөмөлдү таштап салган жок. Дагы оор күндөр, дагы оор айлар келсечи! дешүүдө. Алар эми балким болоор экинчи толкунга даярданып жатышат. Мамлекетке, элге да оорудан сак болууга көнүмүш адаттар кирди. Көөдөндө баары бир Сак болуу инстинкти кадалып калды. Күнү бүгүн да аралыкты так сактоо, кадам сайын колду дезинфекциялоо эрежеге айланды. Демек, маселе эмнеде? Суроону кандайынан коюу керек? Бүгүнкү күнү оорунун кезеги биздин чөлкөмдө турат. Турмуш көргөзөт деген ушул: пандемияда каражат маанилүү бирок убагында жана туура чечилген чечимдер акчадан да эселеп маанилүү экенин көрдүк. Эгерде бизде жол табуу, изденүү, амал кылуу болбосо акча өмүрдү сактай албайт экен. Ал амалды ким кылуу керек? Албетте, мамлекет. Анткени болгон рычагдын баары бийлик колунда. Рычагды кандай кыймылдатса өлкө ошондой кыймылга келет. Жабылат деген нерсе жабылат. Болбойт деп чечкен нерсе болбойт. Курулат деген нерсе курулат. Өкүм, бийликтин күчү деген ошол. А эгер аракет жасалбаса булардын эчтемеси аткарылбайт. Эмне үчүн кыргыз бийлигине эл нааразы болууда. Анткени ошондой чаржайыттык болду. Жаман жери ошол чаржайыттык, кенебестик артында башка нерсе эмес - биздин ден соолук менен өмүр турду. Демек мындай шалаакылыкка, иш билгисиздикке үн катпай койууга болбойт.
Кырдаал баатырларды жаратат дейбиз, кырдаал – коркокторду таанытат, татыксыздардын жүзүн ачат.
Дүйнөнү боорукерлик сактап атат.
Туура эмес түшүнүп жатышат: элдин бийликке айтылганы ал боло келген сын эмес – ал ден соолугуна, өз өмүрүнө болгон күрөш, ал - наалат!
Окуянын баары эле тарых эмес…
Акылдуунун баары эле жакшы эмес.
Башчылар күчтүү болгон жерде саясат көр буюмдай керексиз болоор, а тескерисинче алсыз болгон жерде саясат дайым безге сайып, жай адамды да ордунан козгоп турат экен…
Улутту сактоо бул биз үчүн жаңы профессия.
Пандемия үн катпай туруп адамзатка кантип жашашты таңуулап жатат. Демек, бул үстөмдүк кылган үнсүз согуш. Жаманы - дагы кандай сыноолордон өтөбүз!? Өзүбүз онтоп бирок душмандын үнүн укпаган, көзүн тиктей албаган катаал согуш.
Кайгыңды унутуш үчүн тар бут кийим кийип көр дейт… Биз кээде маңызды аңдабай эле кайгынын деңизинде чексиз сүзө беребиз…
Өмүр тез өтсө да текке өтпөсүн.
Өмүр бүтө элек жатып арман көп дебе… Бирок кыялдар түгөнгөн соң сен үчүн жакшы жаңылык да түгөнөт экен.
Нааразылык көбөйсө кутулса болот, каргыш көбөйсө тутулат!
Ажого: эч болбосо “чума” маалында мактанбай турса болобу?! Ошонун кажети барбы?
Ажо айтты: “Эч кимдин алдында моралдык да материалдык да карыздар эмесмин” деп. Бул сизди ичиңизден кыйнаган чоң жарабы? Аны элге айтып актануунун кажети барбы?
Сиз кайра келишин тилеген парламентпи биз күткөн келечек?
Бөлүнүш үчүн эмес биригиш үчүн, оңолуш үчүн сындашалы.
Ак үйдү эмес Ала-Тоону, бийликти эмес, Мекенди коргойлу!
Келечектин дарысын издейли, ал ооруп турат…
Өмүр жол деген ушулбу: Энеден окшош туулабыз бирок окшош карылык, окшош ажал бурубайт экен…
Ишенбестик – бизди кээде каргашадан куткарган менен көбүнчө саткынчыдай сатып турат…
Женевалык. Интервьюга жолугуштук. Учурашпай жатып “Билесизби, бүгүн эртең менен жаман жаңылык болду. Мен тааныган кыйын догдур суицид болуптур. Бул пандемиянын таасири. Өткөндө дагы бир догдур өз жанын кыйган. Жинди дүйнө деген ушул… Кана эмесе суроолорго өтөлү” деди. А мен көпкө суроолорумду унутуп койдум…
Эпидемия күчүндө кезде женевалыктар да ынтымакка имерилди. Атактуу ресторандар догдурлар үчүн тамак жасап жеткирип жатты. Дүкөндөрдө акциялар уюшулду. Бирок бүгүн көрүп жатам: кыргыздардай түп көтөрүлүү болгон жок. Мени айып көрүшпөсүн бирок кыргыз элинин бир бөтөнчө имерилген касиети, камкордугу бүгүн кашкайып көрүнүп турат. Кыргыз жөнүндө даңаза сөздөрүбүз бүгүнкү кезде иш жүзүнө ашып турат…
Бизге бүгүн демократия иштегенден көрө апааттан калкалаган “туалеттер” иштегени өйдө болуп турат!
Биздин демократия укуктан, милдеттен жана ыймандан турушу керек.
Башыбыздан жакшы, жаман көп түрдүү доор өттү. Бүгүн “өлкөнү башкаруу кризисин” баштан кечирип жатабыз.
Эң жөнөкөй эрежелер: сын пайдалуу, мактоо коркунучтуу.
Цюрих зоопаркында Кыргызстандан алынып келинген илбирс бар экен. Зоопарк башчылыгы Ала-Тоодон келген илбирске Жамиля деген ысым бериптир. Ал кантип келип калган? Чөө-жайын кененирээк сөз кылалы.
Марина Цветаева:
…Мне хочется крикнуть всем ещё живым:
Пишите, пишите больше! Закрепляйте каждое мгновение, каждый жест, каждый вздох! Но не только жест – и форму руки, его кинувшей; не только вздох – и вырез губ, с которых он, легкий, слетел. Не презирайте «внешнего»! Цвет ваших глаз так же важен, как их выражение… Записывайте точнее! Нет ничего не важного!».
Бразилиялык акын Пауло Коэльо айтыптыр: “Бүт суроолорго жооп табылгандан кийин баардык суроолорум кайра өзгөрдү” деп. Бул демек, башынан кайра баштоо, билгениңден биле элегиң көп экени, төргө чыктым деген менен босогодон али алыс экендигиң.
Бүбүкан эже, бизди окуттуңуз. Эчен кеңеш айттыңыз. Кыргыздын жүрөгүндө калдыңыз. “Ырчы Рыспай өлгөнү тиги дүйнө мага коркунучсуз болуп калды” деген кептей сиз эми башка дүйнөнү сулуулаганы учуп кеттиңиз. Бүбүсара, Таттыбүбүдөй эми сулуулуктун дагы бир аңызы эл ичинде айтылып калат: “Бүбүкан!” деп, “Досалиева!” деп.
Бир чыны чай же бир аяк ысык кесме үчүн “Онунчу жатаканадан” “Асанбайга” же “Аламүдүнгө” же “Кызыл аскерге” далай ирет жөө бардык. Мен мындай көрүнүштү башка адамдардан да көп уктум. Бишкек. Жөө бассаң да, автобус, “маршрутка” же машине минсең да көрүнүшү кандай керемет! Дайыма аллеяда жөөлөрдү көрсөм алардын турпатынан бир чыны кесмеге бараткан ошондой узун сапарларды эстеп коем. Балким алар чындап эле ошондой азаптуу “алыс сапарлардан келатышкандыр…” Чарчап, арып, чаалыгып… Биз алыс эмеспиз, баарыбыз жакынбыз, биз чоочун эмеспиз таанышпыз, биз башка эмеспиз окшошпуз, биз бөтөн эмеспиз - кыргызбыз, боорум!
Жеңишбек Эдигеев, журналист
Женева