Анда саясатчы аялы менен чогуу түшкөн сүрөттөрү менен бирге жубайына арнаган коштошуу ырын жайгаштырган.
Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова эки тараптуу пневмония оорусунан 6-июлга караган түнү көз жумган.
КОШ ЖАНЫМ ЖАРЫМ ЖАНАРЫМ.
Канатым сынып кайрылды,
Бөлүшөөр барбы кайгымды?
Ажырап калдым жарымдан,
Өмүрлүк жаным, периштем.
Өксүдү жаным, ый толуп ,
Санаага баттым ойлонуп.
Жазылган дешет маңдайга,
Башынан баары болжонуп .
Жаш элең, жаным жаш элең,
Баарына өзүң, баш элең .
Асылым сени, жар кылып ,
Төрөп берген ата-энең .
Адамдан элең башкача ,
Жарашчу сени мактаса .
Ажалды таптың доктурдан,
Болобу баса айтпаса .
Жашап бир келгем жомоктой,
Сен барда баарын тоготпой.
Өксүттүң жанды асылым,
Олтурам ыйлап шолоктой .
Кош жаным, жарым асылым !
Жоготту жүрөк жакынын .
Бүдөмүк болуп алды жак,
Жетпей бир турат акылым.
Булак: reporter.kg