Фейсбуктун Нурбек Муктар аттуу колдонуучусу Бишкекке өзгөчө абал киргизилиши керектигин айтып, буга бир катар себептерди келтирди: 

"Мындай ахыбал болоорун каалаган эмес элем, бирок күтүп жаткам. Анткени, дарысы жок, грипптей болгон оору менен кошуна болуп жашаарыбыз ачык айкын. Жазгы карантин болсо баары бир алынмак.


Бийлик предосторожностун алып, ушул күнгө даярданып коюш керек эле.


Кептин баары, кашанын баарын чалып коюп, Абылгазиев куйругун түйүп качып кеткени болду, кылгылыктуу планды башкарган Бороновдун келгени чатак болду. Жакшы кризис менеджерди ПМге коюш керек болчу.


Эми, коронавирустун ДАРЫСЫ ЖОК. Карантин киргизип, оорунун чынжырын үзүп турбасак, оору жайыла берет.
Эл дагы түшүндү. Эми, ЧПга туура карайт.


Сунушум:


- Бирканча жумага ЧП киргизиш керек. Оорунун чынжырын үзбөсөк болбой калды.
- Базарларды толугу менен жапкыла. 
- Бишкекти жапкыла.
- Областтар аралык каттамдарды токтоткула. Региондор от алып кетсе, этегиңерди таппай каласыңар.
- Шайлоону жылдыргыла. Ага кетчү акчаны, оору менен күрөшкөнгө жумшагыла. Керек болсо, ушул депутаттар иштеп турушсун, кырдаал жакшырганга чейин.
- 30 жыл элдин канын каалашынча соруп келген банктарга, бир канча ай отсрочка бергенде, %ды токтотуп турушун милдеттүү кылгыла. Элдин көйгөйү ушул эле. Банктар дагы адамгерчиликтүү болгонду үйрөнүшсүн. Алар дагы өлкөнүн жүгүн, башкалардай эле, чогуу көтөргөндү үйрөнүшсүн.
- Тендерлерди ачык өткөргүлө. Акча аябай уурдалып жатат. Ууруларды кустурчу заман ушул заман болбогондо, качан болот? Ууруларды кустуруп, өлкөнун проблемаларын чечкиле.
- Коротулуп жаткан акчалардын отчетторун ачык, деталдуу берип тургула.
- Жыртык, уурдалып, устукандалып бүткөн бюджетибизден элге акча бөлө албасаңар дагы, продукты таратканда адилеттүү тараткыла. Фонддор жана мамлекеттен берилчү жардамдарды борборлоштургула. Көп кварталныйлар өзүлөрү менен жакшы болгон, тууган, арызчыларга же жердештерге гана продукты берип, адилетсиз мамиле кылып коюшту. Ушуну алдын алып койгула.

Баарынарга аманчылык тилейм. Үйүнөрдү арчалап, эшик терезенерди тез тезден ачып-шамалдатып, көчөөгө жөнү жок чыкпай, чыксанар маска тагып чыгып, сак саламатта тургула".